Айыл өкмөтүнүн тарыхы
Биздин айылдын Кеңеши 1935-жылы 8-февралда Кыргыз АССРдин Борбордук аткаруу комитетинин Президиумунун кезексиз чогулушунда “Кыргыз АССРинин аймагында райондорду ирилештирүү жөнүндөгү токтомуна ылайык, Куршаб району түзүлүп, анын карамагында Куршаб айылдык кеңеши уюшулган, анын карамагына Калинин (азыркы Жаңы-Арык) жана Правда айылдары кирген.
1959-жылы Куршаб району жоюлгандыгына байланыштуу, биздин Куршаб айыл Кеңеши, ошол эле жылы Жаңы-Арык Айылдык Кеңеши болуп аты өзгөрүп, Кара-Суу районуна кирип, 1996-жылга чейин аталган, 1996-2024-жылдар аралыгында Жаңы-Арык айыл өкмөтү болуп өзгөргөн.
Айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгынын негизинде Жаны-Арык айыл өкмөтү менен Кызыл-Суу айыл өкмөтү бириктирилип, 2024-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен мамлекеттик каттоодон өтүп, Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтү түзүлгөн.
Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн курамында 9 статусу бар айыл (калктуу конуш) бар. Атап айтсак: Жаңы-Арык, Таш-Арык, Ак-Терек, Правда, Достук, Алп-Ордо, Чайчи, Талаа, Коргон айылдары .
Айыл аймактын борбору Жаңы-Арык айылы Кара-Суу шаарынан жана темир жолдон 25 км алыстыкта Бишкек-Ош автожолунун боюнда, Куршаб дарыясынын сол жак жээгинде деңиз дээңгээлинен 1000 метр бийиктикте жайгашкан.
Айыл өкмөттө штат боюнча 11 кызматкер, 12 келишимдин негизинде иштеген кызматкерлер жана 7 айыл башчы эмгектенет. Ошондой эле маданият тармагында 2 маданият үйүнүн мүдүр\, 2 китепкана башчысы эмгектенет.
Айыл өкмөттүн структурасы боюнча 1 айыл өкмөт башчысы, 1 орун басар-жооптуу катчы, 1 бөлүм башчы (бухгалтер) 3 башкы адис, 3 жетектөөчү адис, 2 адис штаттык бирдиктер бекитилген.
Айыл өкмөттүн алдында 3 муниципалдык ишкана бар. Алар: , “Ынтымак-Алдиер” жайыт МИ, “Кайыңды Булак” таза суу МИ, “Ынтымак-Мөлтүр-Суу” таза суу муниципалдык ишканасы.
Ынтымак айыл аймагы Ош облусунун чыгыш тарабындагы Кара-Суу районунда айыл жергесинде жайгашкан. Аймак чыгыштан Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагы, түштүк жана түштүк-чыгыштан Савай айыл аймагы жана Өзбекстан, батыштан Савай, Ала-Тоо айыл аймагы, түндүк-батыштан Баш-Булак айыл аймагы , түндүктөн Алай району менен чектешет. Айылдык аймактын борбору – Жаны-Арык айылы. Ынтымак айыл аймагында 2024-жылга карата кожолуктун саны 3780, калкынын саны 23265